Билим берүү министрлигинин статс-катчысы обсервация үчүн даярдалган жатакананын шарттары менен таанышты

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жалпы билим берүү уюмдарында коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында жүргүзүлгөн иш-аракеттерди координациялоону улантып жатат.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, 26-мартта Ж.Ташиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн санитардык тазалоо иштери менен таанышты. Кызыл-Кыя шаарындагы Тоо-Кен колледжи, Кызыл-Кыя көп тармактуу институту, аймактагы мектеп, бала бакчалар жана №7 кесиптик лицейдин обсервация үчүн даярдалган жатаканасындагы шарттарды көргөн.

Мындан сырткары, Ноокат, Кадамжай райондорундагы билим берүү мекемелеринин абалын көрүп чыкты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up