Нарын районунда мектеп жетекчилери үчүн онлайн-тренинг өттү

Билим АКИpress - Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде онлайн-тренинг өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тренингге райондогу мектеп директорлору жана окуу бөлүм башчылары катышты. Анда мугалимдердин үзлгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү жөнүндө маалыматтар берилди. Ошондой эле онлайн-сабак өтүүдөгү усулдук кеңештер айтылып, сабак жүргүзүүнүн ыкмалары тууралуу түшүндүрүлдү.

Тренингдин катышуучулары кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Иш-чараны Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук кабинети менен Түгөл уулу Усупбек мектебинин администрациясы биргелешип уюштурган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up