Мугалимдер арасында эң мыкты видеосабактарга сынак жарыяланат

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги «Санариптик педагогика» аталышындагы республикалык сынак жарыялайт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сынак таланттуу жана жөндөмдүү мугалимдердин эмгегин, чыгармачылык изденүүлөрүн баалап, жаңы мезгилдеги алдыңкы педагогдорду коомчулукка көрсөтүп, алардын алдыңкы тажрыйбаларын, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын сунуштап, топтоп жана жайылтып, педагогдордун маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу максатында уюштурулууда.

Сынакты өткөрүүнүн этаптары:

  • 1-этап – 26-марттан 2-апрелге чейин;
  • 2-этап – 2-апрелден 30-апрелге чейин;
  • 3-этап – 30-апрелден 18-майга чейин.

Сынакка менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери катыша алышат. Видеосабактар кыргыз жана орус тилдеринде болушу керек. Ар бир катышуучу программага ылайык келген, ырааттуулугу камсыздалган, ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, бештен кем эмес видеосабактарды бериши шарт.

Сынакка базалык окуу планына, предметтик стандартка, окуу программасына, календардык-тематикалык планга дал келген жана IV чейректе өтүлө турган сабактардын материалдары менен гана катышууга
болот. Ошондой эле сынакта көрсөтүлө турган видеоматериалдар сынак жарыяланган күндөн баштап даярдалышы керек жана түрдүү интернет ресурстарында (билим берүү порталдарында, You Tube, Facebook) жайгаштырылышы зарыл.

Видеосабактарды баалоодо сабактын мазмуну, максаты жана милдеттери, актуалдуулугу, логикалуулугу, таасирдүүлүгү, көрсөтмөлүүлүгү (анимация, сүрөттөр, схемалар ж.б.), алдыңкы технологияларды пайдалануусу, окуучулар менен кайтарым байланыштын механизминин көрсөтүлүшү ж.б. критерийлер эске алынат.

Байгелүү орундар үчүн демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар каралган:

  • 1-орунга – 50 000 сом;
  • 2-орунга – 40 000 сом;
  • 3-орунга – 30 000 сом.

Мындан сырткары, катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон 3 сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет.

Сынакты уюштуруу, ага катышуу тартиби, видеосабактарга болгон талаптар, видеоматериалдын тиби, баалоо критерийлери, видеоматериалдарга болгон техникалык талап боюнча жобо менен Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан таанышууга болот. Ал «Санариптик педагогика» республикалык сынагына катышуу үчүн арыздын электрондук үлгүсү менен бирге бул шилтемеде жайгашкан: https://edu.gov.kg/kg/news/polozhenie-o-respublikanskom-konkurse-video-urokov-dlya-obsheobrazovatelnyh-organizacij-cifrovaya-pedagogika/

Байланыш тел: 0(707) 563 463, 0(707) 009 131, 0(555) 212 962, 0(701) 778 700.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь