Мектеп окуучулары үчүн дистанттык окутуу кантип уюштурулат? (түшүндүрмө)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярданып жатат.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, азыр базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга жана окуу программаларына ылайык, сабактардын расписаниеси түзүлдү.

Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 1-11-класстар үчүн 2 тилде видео сабактар жазылууда. Сабактарды Бишкек жана Ош шаарларындагы мугалимдер өтүшөт.

Бул видеосабактар 8-апрелден тарта КТРКнын «Баластан» (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин «Илим Билим» (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-канал» телеканалдарынан көрсөтүлөт. Андан сырткары, ушул эле сабактар YouTube каналдарына жана атайын порталга жайгаштырылат.

Билим берүү жана илими министрлиги тарабынан oku.edu.gov.kg билим берүү порталы түзүлүп, учурда анын контентин толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул порталга 1-11-класстардын окуу материалдары, теледен берилчү сабактардын расписаниеси, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видеосабактар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. жайгаштырылат.

Окуучулар менен кайтарым байланыш, үй тапшырмасын берүү жана текшерүү үчүн мугалимдерге Zoom, Google Сlassroom, Telegram, WhatsApp сыяктуу заманбап коммуникациялык каражаттарды колдонуу сунушталат.

Бул инструменттер аралыктан сабак өтүп, тапшырмаларды берип, аларды текшерип турууга мүмкүнчүлүк берет. Ал үчүн мугалимдердин маалыматтык-компьютердик компетенциялары жетиштүү болушу зарыл.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институту тарабынан мугалимдерге бул багытта атайын инструкциялар даярдалды.

Министрлик уюлдук операторлордун биринин колдоосу менен бардык окуучуларды жана мугалимдерди акысыз SIM-карталар менен камсыздайт. Анын артыкчылыгы – баланста каражат жок болгондо да, окууга тиешелүү тиркемелер жеткиликтүү болот жана WhatsApp кызматы акысыз.

Мындан сырткары «МЕГА 24» тиркемеси иштелип чыкты. Азыркы учурда анын мазмунун толтуруу иштери жүрүп жатат. Тиркемеде oku.edu.gov.kg. порталындагы классына жана предметине бөлүштүрүлгөн видеосабактар, окуу материалдары, теледен берилчү сабактардын расписаниеси, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер болот. «МЕГА 24» тиркемесин баланс 0 болуп турганда да колдоно алышат.

Ошондой эле министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн бардык предметтер боюнча 400гө жакын окуу китептери жайгаштырылган https://lib.kg/lib/school/ сайтын жана жакынкы күндөрү ишке берилүүчү kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасын сунуштайт.

Окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган «iBilim» (башталгыч класстар үчүн) жана «Билим булагы» мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот.

Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды:

Жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта дистанттык технологиялардын жардамы менен аралыктан билим берүү режимине өтүштү.

Кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери жана окутуучулары үчүн «Соцсервис» мамлекетик ишканасы электрондук окутуу платформасын даярдап берет.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча республикалык институту технологияларды колдонуу боюнча атайын окууларды уюштуруп берет. Билим берүү министрлиги кырдаалдан чыгуу боюнча атайын план иштеп чыгып, ошонун негизинде системалуу иштерди алып барат.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь