23 жашында билим берүүнүн мыктысы болгон Бактыгүлдүн онлайн окутуудагы тажрыйбасы

Билим АКИpress - Учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандагы билим берүү мекемелериндеги окутуу онлайн форматында жүргүзүлүп жатат. Мугалимдер заманбап технологияларды пайдалануу менен окуучуларга сабак өтүп, кайтарым байланышты түзүп жаткан кези.

Ош шаарындагы №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын географ мугалими, билим берүүнүн мыктысы Бактыгүл Жапар кызы онлайн билим берүүдө кандай иш алып барып жатканы тууралуу айтып берди.

- Бактыгүл, саламатсызбы! Учурда өлкөбүздө дистанттык окутуу кызуу жүрүп жаткан учуру. Бул жөнүндө айта кетсеңиз?

- Саламатсыздарбы! Ооба, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн булуң-бурчунда жаш-кары дебестен, бардык мугалимдер IV чейректе онлайн окутуунун үстүндө иштеп жатышат. Бул негизи кыска мөөнөттө уюшулду. Бирок ошол кыска мөөнөттө уюшулганын эске алганда онлайн-окутуунун учурдагы жүрүшүн жакшы деп баалайм. Эгерде узак мөөнөттө пландалып, анан ишке ашырган болсок, мындан да жакшы болмок.

- Сизде кандай кыйынчылыктар болду?

- Негизи менде көп деле кыйынчылык болгон жок. Дистанттык окутууда колдонуп жаткан программаларды буга чейин эле өздөштүргөндүктөн, мага тескерисинче кызык болду. Ошондой эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулдук бөлүмү жана «ММК колдоо борбору» фонду шаарыбыздагы, деги эле башка аймактардагы мугалимдерге чоң усулдук жардам көрсөтүп жатат. Алар бат-баттан түз эфир аркылуу вебинарларды уюштуруп, бир топ жардамдарын берүүдө.

- Предметиңизден бир топ видеосабактарды даярдап жатыптырсыз. Буга чейин онлайн сабактарды даярдап, өтүп жүргөнсүзбү? Буларды кайдан өздөштүрдүңүз эле?

- Ооба, туура айтасыз. Тынымсыз сабактарды даярдап, жалпы шаардагы, аймактардагы географ мугалимдерге бөлүшүүдөмүн. Буга чейин өзүмдүн YouTube каналыма билим берүүгө тиешелүү программаларды кантип иштетүү жөнүндө сабак даярдап, жүктөп койчумун. Негизи көптөгөн программаларды өзүм кызыгып издеп, YouTube'дан карап өздөштүрөм. Анан да мугалимдерге колдоо көрсөтүп, «Санарип мугалим» сынагын уюштуруп жүргөн Асылбек Мадалиев аттуу IT тармагында иштеген мырзанын санарип академиясынан үйрөндүм. Азыр дагы жаңы өзгөчө программаларды үйрөнүп, аларды сынап жатам.

- Жашы улуу мугалимдер үчүн дистанттык окутуу кыйынчылык жараткан жокпу?

- Кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Баарына эле жеңил болуп жатат дегенден алысмын. Сабактарымды социалдык тармактарга бөлүшүп койсом да, бир топ мугалимдер байланышып, үйрөтүп коюуну суранышат. Өзүм колдонгон программаларды тизмектеп, жазып коём. Ошону менен бирге эле мугалим жана окуучулар үчүн эң ыңгайлуу тиркеме жана сайттарды сунуштап жатышат. Бул үчүн албетте, ыраазычылык билдирип кетем. Себеби дал ошол жашы улуу жана айыл жергесиндеги мугалимдер үчүн чоң эле жардам болуп жатат.

Телеканалдардан көргөн сабактардан кийин кайра ар кайсы тиркемелер аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле телеканалдардан көрө албай калгандар үчүн кайрадан смартфонунан кайталап көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми видеосабак даярдаган мугалимдер сабактарын YouTube каналдарына жүктөп, жалпы кесиптештерине бөлүшүп жатышат. Аларды да пайдаланса болот.

- Окуучулар кандай өздөштүрүүдө?

- Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp тиркемелери аркылуу окуучулар менен кайтарым байланыш жүрүүдө. Түшүнбөй калган суроолорун ошол жерден беришет. Ата-энелердин да жардамы чоң. Балдары менен чогуу отуруп, тапшырма аткарышып, балдарынын окуусуна мурункуга караганда көбүрөөк көңүл бөлүп калды деген ойдомун.

Ошондой эле учурдан пайдаланып, балдарына окууга жакшы шарт түзүп берүүнү ата-энелерден суранып кетер элем. Мен өзүмдүн классымдагы окуучулар менен күн сайын байланышып, сабакты көрдүбү же көрбөй калса эмне себептен көрбөй калды, ден соолуктары жакшыбы деп кабатырланып жатам. Күн сайын жетекчиликке бардык мугалимдер отчёт берип турабыз.

- Бааны кантип коюп жатасыздар?

- Учурда баарыбыз убактылуу журнал ачып, ошол жерге баа коюп жатабыз. Министрликтен айткандай, жыл жыйынтыгын чыгарып жатканда артыкчылык буга чейинки окутулган 3 чейректин баасына берилет.

- Ишиңизге ийгилик!

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь