Лейлекский филиал Международной академии, управления, права, финансов и бизнеса

Адрес ул.Раззакова 2 [ изменить ]

Язык обучения кыргызский, русский [ изменить ]

Руководитель Максутов Б.М. [ изменить ]

Заместители Казыев Ш.Р. [ изменить ]

Основан 1998 [ изменить ]

Электронная почта[ изменить ]

Телефон 0365650048 [ изменить ]


[ Дополнить другие данные ]

Новостей не найдено

Известные выпускники

Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын Лейлектеги филиалы атайын орто кесиптик окуу жайы болуп 1998-жылдын 15-майында түзүлгөн Лейлек районундагы алгачкы окуу жайы болуп эсептелет. (юридикалык жакты каттоо күбөлүгү №50-3309-Ф-л, №50-3300-Ф-л ИУ, Лицензия №LC150000467). 

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-ж. катынын, М.Аманов атындагы Кыргыз кооперация академиясынын 1998-ж.15-май №37\п-2 буйругунун негизинде окуу жайдын Лейлектеги филиалы ачылып, 20 жылдын ичинде районубузга эң керектүү болгон адистерди даярдап берди. 

Окуу жайы негизинен экономика жана бухгалтердик эсеп, финансы (тармактар боюнча), салык жана салык топтоо адистиктери боюнча кесип ээлерин даярдайт. 

Окуу жайы ачылган жылдан бери бардыгы болуп –  1114 бүтүрүүчү атайын орто маалыматтуу «Бухгалтердик эсеп жана аудит»,«Финансы», «Экономика жана бух.эсеп» жана «Дене тарбия» адистиктери боюнча бүтүрүп районубуздун орто звенодогу адистерин толукташты. Азыркы кезде районубуздун эл чарбасынын бардык тармактарында, айыл округдарында, шаар мэриясында жана райондук мекеме-уюмдарда үзүрлүү эмгектенишүүдө. Бүтүрүүчүлөрүбүз негизинен Лейлек районунда үзүрлүү эмгектенүү менен бирге республикабыздын окуу жайларында окуусун улантып жатышат. 

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин окуу-кенеш берүү бөлүмү окуу жайдын базасында ачылып биздин бүтүрүүчүлөр жана башка каалоочулар сырттан окуп өз билимдерин жогорулатууда.

    Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият министирлиги тарабынан берилген 2015-жылы №LC150000467 лицензиясынын негизинде окуу жайга абитуриенттерди кабыл алуу жүргүзүлүп, төмөндөгү адистерди даярдап келе жатабыз: 

                  1) 080110.Экономика жана бухгалтердик эсеп, 

                  2) 080106. Финансы (тармактар боюнча), 

                  3) 08107. Салыктар жана салык салуу.

Кошумча 2 айлык мөөнөттө «Өздүк компьютердин оператору» кесиби боюнча адистерди даярдайт.

Окуу жайына кабыл алынган студенттер келишимдин негизинде 2 - 3 жылдык мөөнөткө атайын орто билимдүү кесип ээлери болушат жана калоочулар 3-курстан баштап 2-чи баскычка отүшүп  3,5 жылдан кийин жогорку билимге ээ болушат. Биздин окуу жайы районубуздагы жападан жалгыз орто звенодогу экономика багытындагы адистерди даярдоочу окуу жайы болуп эсептелет.

Окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы - экономика илимдеринин доктору, КУИАнын мүчө-корреспонденти, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты профессор Примов Э.Б., экономика илимдеринин кандидаты, профессор Ормонов Н.А., табигый илимдердин доценти Максутов Б.М., Сулайманова Д.К., Хамрабаев А., Атаканов Б. жана  жогорку категориядагы окутуучулар Казыев Ш., Тожимуратов Х., Нишанбаев Х. жана башка жаш адистерден турат. 

                  Учурда окуу материалдык базасы чыңдалып, китепкана, окуу залы, компьютердик класс, окуу лабораториялары жана аудиториялары талапка ылайык жабдылган. Ошону менен бирге азыркы учурда окуу жайдын алдында төмөнку көйгөйлүү маселелер бар: 

-окуу куралдары, айрыкча кыргыз тилинде басылып чыккан китептер жетишсиз,

-окутуунун техникалык каражаттары жетишсиз,

-студенттерди жатакана менен камсыз кылуу ж.б.

Окуу жайынын директору – Максутов Бурукул – 1948-жылы 17-апрелде Лейлек районунун Ак-Булак айылында туулган. Билими жогорку, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин аяктаган. КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КРнын элге билим берүүсүнүн мыктысы, Экономика жана ишкердик университетинин табигый илимдер кафедрасынын профессору. 

Дареги: 720400, Баткен обл, Лейлек р-у, Исфана ш., И.Раззаков к. 2. тел: 03656-5-00-48

моб. тел.: 0773-111-294. эл.почта: academy98@mail.ru  

..

Дополнительные сведения

Текущее состояние Действующая
Отредактировано 15-04-2019 в 15:02
Просмотров 3713
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть