Тинатин Дөөлөткелдиева: Кыргызстандагы илимдин келечеги барбы жана ал экономиканын бир тармагы боло алабы?

Тинатин Дөөлөткелдиева: Кыргызстандагы илимдин келечеги барбы жана ал экономиканын бир тармагы боло алабы?

Билим АКИpress - Профессор Тинатин Дөөлөткелдиева, Кыргыз-Түрк Манас университети, Айыл чарба факультети, Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы

ХХ1 кылымда жашап жаткан адамзаттын күнүмдүк тиричилиги, ал жашаган коом жана мамлекеттин экономикалык абалы түздөн түз илимдин өнүгүшүнө жана улам пайда болуп жаткан илимий технологияларга көз каранды экендиги айкын.

Кыргыз Республикасында Советтер Союзу мезгилинде калыптанып жана белгилүү бир өнүгүүгө жана ийгиликтерге жетишкен илим тармагынын, илимий изилдөөлөрдүн абалы азыркы учурда абдан оор, жаңы илимий технологиялардын жана жетишкендиктердин деңгээли төмөн болгондуктан, илимди өлкөнүн экономикасына таасир берген бир күч же рычаг катары кароо мүмкүн эмес. Эң өкүнүчтүүсү, табыгый жаратылыш байлыктарына, биологиялык уникалдуу ар түрдүүлүккө, башка мамлекеттердин окумуштууларын суктандырган жапайы өсүмдүк жана жаныбарлар, микроорганизмдер генетикалык ресурстарына ээ болгон өлкөнүн илимий изилдөөлөрү, дүйнөлүк илимий технологияларга, инновациялык ойлоп табууларга, иштеп чыгууларга тең тайлаша албагандыгы.

Советтер Союзу кыйрагандан бери 25 жыл ичинде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө зарыл болгон жабдыктарды жана керектүү материалды сатып алууга каражаттардын таптакыр бөлүнбөгөнү, окумуштуулардын маянасынын өтө төмөндүгү илимий тармактын улам жакырданышына, илимге умтулган жаштардын санынын кескин кыскарышына, ал эми илимий изилдөөчү өзүнчө бир барксыз, экономикалык жактан беделсиз, кызыксыз адистиктердин катарына айланды.

Бир убакта илимдин чордону жана борбору болгон Илимдер Академиясы бара бара коррупциялык структуранын катарына кошулду. Илимдер Академиясынын белгилүү илимпоздору, өзгөчө академик, член-корреспондент наамын алган окумуштуулар илимий изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртуу, эл аралык деңгээлге көтөрүү аракеттеринин ордуна башка жолдор менен акча табууга муктаж иштерди жасоого өтүштү. Мисалы, Илимдер Академиясында ар бир төрт жылда бир шайлануучу академик, член-корреспондент наамына ээ болууда, ал кандидаттын илимий жетишкендиктери эске алынбастан, анын финансалык потенциалы биринчи кезекке коюлуп, ар бир добуш берген академик, член-корреспонденттин чөнтөгүнө белгилүү сумма түшкүндө гана ал өтүп жаткан кишиге добуш бере ала турган компанияга айланды. Мына ушундай жолдор менен шайланган кийинки академиктердин, член-корреспонденттердин илимий деңгээли катардагы илимий кызматкерлер менен барабар болуп, ошол шайланган илимий багытта бир макаласы жок илимпоздор ушундай наамдарга курулай ээ болуп, көкүрөктөрүн какканы менен, жалпы илим өлкөдө алдыга чыгып, өнүккөн жок, кайра артка чегинди.

Илимди алдыга чыгаруучу кудуретке ээ болгон илимпоздор өлкөдө саналуу гана санда калды. Өз кезегинде илимий ийгиликтерди жараткан улгайып калган академиктердин, член-корреспонденттердин илимий потенциалы азыркы дүйнөлүк илимий заманбап деңгээлден арта калды жана илимди улантып кетүүчү артыбыздан келе жаткан илимий – муундун жоктугу - бул биздин өлкө илимсиз жана билимсиз бир коркунучтуу чекке келип такалгандыгын айгиленейт.

Мамлекеттик саясаттын илимге карата болгон көз карашы түп тамырынан бери өзгөрүлүшү замандын талабына жооп бермек. Экономиканын башка тармактарына кандай талаптар коюлса, илимге дагы экономиканын бир тармагы катары мамиле жасалышы зарыл. Мамлекет өзүнүн, илимдин кызыкчылыгы жана келечеги үчүн чечкиндүү түрдө аны реформалоо ишин аякташы керек, аз да болсо бөлүнгөн каражат талаага чачылбастан, натыйжалуу жана жыйынтыктуу пайда алып келген тармак катары өнүгүшүн камсыздоо маанилүү.

Ар бир мамлекет өзүнүн кудуретине, экономикалык кубатына жараша илимди каржылайт. Өнүккөн өлкөлөр, албетте илимге жетиштүү каражатты бөлүү менен, анын өнүгүшүн колдоп турат, ошол эле мезгилде кайрадан илимге жумшалган акчаны кайтарып алууга, экономикалык жактан бир нече жогорку пайдалуулукта натыйжаларды алууга умутулат. Илим жана өндүрүш, илим жана өнөр жай ортосундагы байланыштарды жөнгө салуучу механизмдерди колдонуу менен АКШ, Япония, Кытай, Германия ж.б. өлкөлөр илимдин жетишкендиктерин түздөн түз пайдалануу менен бир жылдын ичинде эле бир нече млд. пайдаларды көрүп, экономикасын чыңдайт.

Албетте биздин өлкөдө илимди каржылоого өтө эле аз каражат бөлүнөт. Бирок Илимдер Академиясына өзүнчө бир суммадагы каражат, тармактык илимий изилдөө институттарына дагы бир сумма, жогорку окуу жайлардагы илимге бир каражат деп отуруп, жалпы алганда жыл сайын бир маанилүү чоң сумма элдин чөнтөгүнөн илим тармагына берилип турат. Бирок кандай бир илимий алдыга жылыш барбы, жаңы инновациялык технологияларды камтыган ачылыштар барбы ? деген суроо закон ченемдүү түрдө пайда болот. Жыл сайын бөлүнгөн аздыр көптүр мындай каражат, эптеп-септеп илимий институттарды, лабораторияларды кармап турууга багытталган саясат экендиги көрүнүп турат. Мындай натыйжасыз илим бара бара өчүп, өзүнөн өзү өлүмгө учурап жатат.

Ошондуктан каржылоо саясаты, илимди уюштуруу жана башкаруу иши өлкөдө башка жолго коюлушу зарыл. Дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен илим күчтүү атаандаштыктын жана адилеттиктин негизинде жеңип чыккан, приоритеттик багыттагы проекттер түрүндө каржылоонун механизмин киргизүү менен ишке ашырылышы максатка ылайыктуу. Ошондо саны бар сапаты жок эски багыттагы изилдөөлөр өзүнөн өзү токтомок, илимде бир кадам болсо дагы секирик пайда болмок.

Илимий ачылыштар, технологиялык иштеп чыгуулар үчүн өзүн өзү каржылоого өтө турган мыйзамдар, укуктук нормативдер өлкөдө орнотулушуна тоскоолдуктар алып салынышы дагы окумуштуулардын мамлекеттин чөнтөгүн карабай өз алдынча каражат табуусуна жол ачмак. Мындан бир канча жыл мурун сунулган илим жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алуусунун алигиче кечиктирилиши бул биздин парламент өкүлдөрүнүн, депутаттарыбыздын илимге болгон кайдыгер мамилесин айгиленейт.

Илимди алдыга жылдырууда бардык коомдук активдүүлүк, мамлекеттик саясат жана мыйзамдык колдоо бир багытта өлкөнүн экономикасынын келечегине жана өнүгүшүнө курал боло турган фактор катары каралганда гана илимде олуттуу өзгөрүүлөр болот.

Билим берүү системасынын 3 деңгээлдеги илимий даражадагы адистерди даярдоого өтүшү жогорку окуу жайлардагы илимдин батыш өлкөлөрүндөй моделде өнүгүшүнө жол ачат. Магистратура программасында илимге тартылган студенттер жакынкы келечекте илимпоздордун армиясын толуктоого резерв түзөт. Биздин Университеттеги мындай тажрыйба өзүнүн оң натыйжаралын берип жатат. Докторантура программаларында айкын ачык, жаңы илимий ыкмаларды колдонуу менен аткарылган диссертациялар, илимий иштеп чыгуулар жана алардын практикалык колдонууларга сунушталышы жана киргизилиши жогорку окуу жайлардагы илим чындыгында өлкөнүн негизги илимий ядросуна түзөрүнө шек жок. Чындыгында дүйнөлүк тажрыйбага карасак, илим Университеттердин лабораториясында тез өнүгөт, илимге умтулган жаштар студент кезинде эле илимий изилдөөлөргө катышуу менен, илимпоз катары тажрыйба топтоосу эрте башталат. Ошондуктан Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардагы илимий лабораториялардын техникалык базалары, жабдыктар менен жабдылышы жетишерлик, заманбап деңгээлде болушу илимдин өнүгүшүн бирден бир фактору болуп саналат.

Кийинки мезгилде Билим Берүү жана Илим Министрлигинин астындагы Илим Департаменти тарабынан жаш окумуштууларга колдоо көрсөтүүсү, алар сунган проектерди каржылоонун башталышы, КыргызПатенттин Инновациялык Фонду тарабынан атайын күчтүү конкурстун негизинде окумуштуулардын проекттерин тандап алып, маанилүү суммадагы каржылоо менен колдоосу, булар илим тармагындагы заманбап өзгөрүүлөрдүн жана алга жылуулардын мисалдары катары кызмат кылат. Мындан ары дагы мындай иштер уланса бара бара илимде прогрессивдүү өзгөрүүлөр пайда болоруна ишенем.

Ошентип, илимди сыйлаган коом маданияттуу, илимди колдогон мамлекет күчтүү да болот жана келечекке ишеним менен карайт, эл аралык бедели өсөт, ал эми жаштары акылдуу, ой жүгүртүүлөрү гумандуу, ойлоп тапкычтыр болуп чоңойот.

Илимди коргойлу, анын өнүгүшүнө жол ачалы урматтуу замандаштар!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

Загрузка...

Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up