11:29 13 марта 2018

Нарын университетинин окутуучулары жана студенттери Казакстандын Абай атындагы улуттук университетине барып келишти

2018-жылдын 5-мартынан 7-мартына чейин С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин ага окутуучусу Мамбеталиев Жолдошбек Тезекбаевич, окутуучу Омуров Айбек Нарынбекович, студенттер Ишенбеков Самат, Курманбек уулу Көчөрбай, Токтобеков Мирлан Алматы шаарындагы Абай атындагы улуттук университетинин астындагы искусство, маданият жана спорт институтунда болуп кайтышты.

Баргандар институттагы искусствонун бардык багыттарында жасалгаланган окуу өнөрканаларын көрүп, анда окуп жаткан студенттердин чыгармачылык менен аткарган курстук жана квалификациялык иштери менен таанышып чыгышты. Ошондой эле, экскурсиядан кийин НМУнун окутуучулары   окуу жайдын жетекчилиги жана окутуучулары менен жолгугуп, искусство багытында окуп жаткан студенттерге билим берүү боюнча тажрыйба алмашуу максатын ишке ашырышты. Жыйынтыгында эки окуу жайдын ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлдү. 

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть