9:18 4 апреля 2018

ОшТУ абитуриенттерге эшигин ачты

Ош технологиялык университетинде Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп жатат.

Аталган иш-чара окуу жайдын Кабыл алуу комиссиясы, Кесипке багыттоо борбору жана Карьера борбору тарабынан уюштурулган. Бул иш-чарада Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын 8-9-10-11-класстардын окуучулары, мектеп мугалимдери жана ата-энелер катышууда. Ачык эшик күндөрүнө катышкан мектеп окуучуларына, ата-энелерге окуу жай тууралуу кенен маалымат берилип, видеороликтер көрсөтүлүп, окуу жай тууралуу баракчалар таркатылууда. Кызыккан окуучулар окуу жайдагы мультимедиялык класста тест тапшырып, өз билимдерин ата-энесинин катышуусунда текшерип алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ош технологиялык университетиндеги Ачык эшик күндөрү 2018-жылдын 31-майына чейин уланат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть