12:10 4 мая 2018

Көз карандысыз аккредитациялоо жана Рейтинг агенттиги ОшТУнун билим берүү сапатын баалоодо

Көз карандысыз аккредитациялоо жана Рейтинг агенттиги 1963-жылдан баштап инженердик кадрларды даярдап келген академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин билим берүү кызматтарынын сапатын сырткы баалоодон өткөрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 2-майында, I категориядагы эксперт, профессор К.Ш.Шункеевдин төрагалыгында сырткы эксперттик комиссия, Ош технологиялык университетинин Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин бекитилген критерийлерине дал келүүсүн баалоо процедурасын баштады.

Университеттин билим берүү кызматтарынын сапатын баалоо Көз Карандысыз Аккредитациялоо жана Рейтинг Агенттигинин Кыргыз Республикасынын жождору үчүн мамлекеттин Мыйзам чыгаруучу талаптарын эске алуу менен атайын ителип чыккан стандарттарына ылайык ишке ашырылат.

Сырткы эксперттик комиссиянын Ош технологиялык университетине болгон сапары боюнча чечим 2018-жылдын май айынын аягында Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин Аккредитациялык кеңеши тарабынан кабыл алынат.

Маалымдама: 2011-жылы түзүлгөн Көз Карандысыз Аккредитациялоо жана Рейтинг Агенттиги, Казакстан коомчулугунун атаандаштыкка турууктуулугун жана билимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, билим берүү сапатынын маданиятын жайылтууга жана туруктуу колдоо көрсөтүү боюнча стратегиялык маселелерди ийгиликтүү чечкендиги үчүн сапатты камсыздоочу Европа жана эл аралык уюмдар тарабынан таанылган.

Көз Карандысыз Аккредитациялоо жана Рейтинг Агенттиги билим берүү сапатынын кепилдиги боюнча агенттиктердин Европа реестринде (EQAR) туруп, Европа ассоциациясынын (ENQA) жана агенттиктердин эл аралык тармагынын (INQAAHE), медициналык билим берүүнүн Бүткүл дүйнөлүк Федерациясынын (WFME), Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн жогорку билим берүү тармагында сапатты камсыздоо боюнча агенттиктер тармагынын (CEENQA), академиялык даражалоо жана артыкчылык боюнча эл аралык обсерваториянын (IREG), ислам дүйнөсү мамлекеттеринин билим берүүсүнүн сапатын кепилдөө агенттиктер ассоциациясынын (AQAAIW) толук мүчөсү.

Бүгүнкү күндө Көз Карандысыз Аккредитациялоо жана Рейтинг Агенттигинин 70тен ашуун казакстан жождорунун, 100дөн ашуун техникалык жана кесиптик билим берүү мекемелеринин, эл аралык мектептердин, 1500дөн ашуун жогорку жана жождон кийинки программаларынын адистештирилген аккредитациясынын, 200гө жакын орто кесиптик адистерди даярдоочу билим берүү программаларын эл аралык деңгээлде институционалдык аккредитациядан өткөрүү боюнча баалуу тажрыйбасы бар.

2017-жылдын 6-апрелинде Көз Карандысыз Аккредитациялоо жана Рейтинг Агенттиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин реестрине кошулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть