17:02 7 мая 2018

Ош технологиялык университети эл аралык институционалдык аккредитациядан өттү

2018-жылдын 2-4 май аралыгында Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги эл аралык аккредитацияны таануу эрежелеринин алкагында ОшТУнун билим берүү кызматтарынын бекитилген критерийлерине дал келүүсүн жана сапатын сырткы баалоо процедурасын жүргүздү.

Институционалдык менен параллель 3 багыт: Экономика, Электроэнергетика жана электротехника жана Информатика жана эсептөө техникасы адистештирилген аккредитациядан өттү.

Университеттин билим берүү кызматтарынын сапатын баалоо көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин Кыргыз Республикасынын жождору үчүн мамлекеттин Мыйзам чыгаруучу талаптарын эске алуу менен атайын ителип чыккан стандарттарына ылайык ишке ашырылат.

Сырткы эксперттик комиссиянын Ош технологиялык университетине болгон сапары боюнча чечим 2018-жылдын май айынын аягында Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин Аккредитациялык кеңеши тарабынан кабыл алынат.

2011-жылы түзүлгөн көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги, Казакстан коомчулугунун атаандаштыкка турууктуулугун жана билимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, билим берүү сапатынын маданиятын жайылтууга жана туруктуу колдоо көрсөтүү боюнча стратегиялык маселелерди ийгиликтүү чечкендиги үчүн сапатты камсыздоочу Европа жана эл аралык уюмдар тарабынан таанылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть