13:16 12 ноября 2018

Техникалык университетте Түрк тилин үйрөтүү борбору ачылды

2018-жылдын 6-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУда Түрк тилин үйрөтүү борборунун ачылыш салтанаты болду. Салтанатка Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат, Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Түрк башкармалыгынын Кыргызстандагы программалык координатору Али Муслу, Түркия элчилигинин билим берүү кеңешчиси Режеп Сула, ТОМЕРдин директору Ахмед Гөзүбол жана түрк тилин үйрөтүү боюнча окутуучулар катышышты.

Алгач жыйынды университеттин ректору М.Жаманбаев ачып берип, билим берүү жана илим тармагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, кыргыз-түрк алакаларынын университеттеги алгачкы кадамдарынын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошуп, заманбап технологиялар менен жабдылган борборду ачып берүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Түркия мамлекетинин өкүлдөрүнө чоң ыраазычылык билдирип, ыраазычылык кат менен сыйлады. Андан кийинки сөз Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фыратка берилип, ал университеттин жамаатын борбордун ачылышы менен куттуктап, мындан ары да окуу жай менен тыгыз байланышта болуп, билим берүү жаатында чоң жетишкендиктерди багындырууга аракет жумшаарын белгилеп өттү. Кыргызстандагы Түрк тилин үйрөтүү борборунун директору Ахмед Гөзүбол борборду ачууга зор салымдарын кошуп, жардам көрсөтүшкөндүгү үчүн университеттин ректору М.Жаманбаевге, өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректор Б.Төрөбековго жана мамлекеттик тил боюнча адис Ч.Асанбековага ыраазычылык билдирди.

Салтанат кыргыз жана түрк тилдеринде аткарылган ырлар, комуз күүлөрү, бийлер менен коштолду. Салтанаттуу жыйын борбордун ачылыш аземи менен уланып, Түркия мамлекетинин өкүлдөрү жаңы ачылган борбордун лента кесүү салтанатына катышышты. Салтанат жогорку деңгээлде уюштурулуп, келген меймандарды кайдыгер калтырган жок.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть