11:59 31 января 2019

Жалал-Абад колледжи Алматы шаарынын колледждери менен кызматташат

Үстүбүздөгү жылдын 20-январынан 25-январына чейин Жалал-Абад колледжинин директору Б.Турдубаева жана ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Ыстамбаев Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын орто окуу жайлары менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында иш сапарда болду. Аталган тур Билим берүү жана илим министрлигинин жана АБРдин 3-долбоорунун алкагында уюштурулду, деп билдирди Б.Турдубаева.

Иш сапар учурунда Алматы шаарынын бир катар алдыңкы орто кесиптик окуу жайларында болуп, алардын тажрыйбасын, окуу процессин, материалдык-техникалык базасы менен таанышып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

«Иш сапардын жүрүшүндө Алматы шаарынын коллеждер ассосациясы, Алматы мамалекеттик жаңы технологиялар колледжи, Алматы мамлекеттик энергетика жана электрондук технологиялар колледжи менен ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин ортосунда эки тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Аталган окуу-таанышуу сапарынын акыркы күнүндө билим берүү жана илим министринин орун басары К.Кожобековдун жетекчилигинде иш сапардын жыйынтыгы боюнча талкуу жүрдү», - дейт колледждин директору.

Жала-Абад колледжи Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы 3-долбоорунун негизинде «Алдыңкы тажрыйба борбору катары» тандалып алынган. Долбоор 5 жылдык мөөнөткө пландаштырылып, өлкөнүн 7 облусунан 7 колледж тандалып алынган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть