Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти, спорт чебери Элдияр Сексенбаев Бишкек шаарында өткөн «Алыш» бел-боо күрөшү боюнча Кыргызстан чемпионатында алтын медалга ээ болду.
Кыргызстан чемпиондугуна Кыргызстандын ар кайсы бурчунан спортчулары катышышты. Спорттук таймашта Элдияр Сексенбев «Алыш» бел-боо күрөшү боюнча 70 кг салмакта күч сынашып, 1-орунду багындыруу менен Кыргызстандын чемпиону болду.
Ал буга чейин Тажикстан Республикасында спорттук таймашка катышып, алтын медалга ээ болсо, Көчмөндөр оюнунун жана Гран-При оюнунун катышуучусу.