16:07 5 марта 2019

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3 студенти «Мыкты виртуалдуу демилгечи» болушту

Бишкек шаарында «Saferworld» жана Эл аралык толеранттуулук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Толеранттуулук жана демократия элчилери» демилгеси алкагында салтанаттуу кече өттү. Ага ЖАМУнун тарых кафедрасынын студенттери Зиябиддин уулу Искендер, Султанова Курманжан жана Исмаилова Айсана катышып келишти.

И.Зиябидин уулунун айтымында, «Saferworld» жана Эл аралык толеранттуулук фонду аймактарда жаштарды өнүктүрүү максатында бир катар иш-чараларды уюштурган. «Жаштардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, айыл жергесиндеги жаштардын билимин жогорулатып, дүйнө таанымын кеңейтип жана достук мамилесин чыңдоого багытталган иш-чаралар уюштурулду. Аларга биз активдүү катышып, «Лидеры среди нас, а будущее за нами» деген демилгени ийгиликтүү ишке ашырдык», - дейт ал.

Аталган фонддор Бишкек шаарында жылдын эң мыкты демилгелүү топторун аныктоо жана сыйлык тапшыруу аземин уюштурган. Аземде «2018-жылдын эң мыкты виртуалдуу демилгеси» деген номинация ЖАМУнун студенттерине ыйгарылды..

Жогорудагы иш-чараларга түштүк аймагынын жаштары катышышты. Бул иш-чара Европа биримдиги тарабынан каржыланат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть