6:54 7 апреля 2019

Ошто микро жана макроэкономика, бухгалтердик эсеп боюнча аймактык олимпиада өттү

ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата уюштурулган экономика багытындагы орто кесиптик окуу жайлардын студенттик аймактык олимпиадасы 5-апрелде Финансы-юридикалык колледжинде уюштурулду.

Студенттик олимпиадага республиканын 14 орто кесиптик окуу жайларарынан студенттер жана мугалимдер катышышты. Аталган олимпиада микро жана макроэкономика, бухгалтердик эсеп боюнча өттү.

Олимпиаданын катышуучулары автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу тест тапшырып, маселе чыгарышты. AVN маалымат системасы аркылуу уюштурулган олимпиаданын жыйынтыгы дароо автоматтык түрдө чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ошондой эле маданий бөлүк да орун алып, анда олимпиаданын катышуучуларына ОшМУнун таланттарынын концерттик программалары тартууланды.

Олимпиаданын кийинки эстафетасы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин директору Бариса Турдубаевага тапшырылды. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү I, II, III даражадагы дипломдор, ыраазычылык каттар, белектер менен сыйланышты.

«Аталган олимпиада экономика багытындагы орто кесиптик окуу жайлардын ортосунда байланышты күчөтүү, окутуучулар, студенттер ортосунда достукту чыңдоо, предметтик билимдерди өркүндөтүү, ассоциациянын ишин жакшыртуу максатын көйздөйт», - деп белгиледи ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин директору Танавар Акматова.

Аталган олимпиада мындан 10 жыл илгери уюштурулуп, токтоп калган. Бул предметтик олимпиаданы жандантуу демилгеси Орто кесиптик окуу жайлардын ассоциациясынын жыйында кабыл алынып, алгачкысы ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинде өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть