12:01 8 апреля 2019

Универсиада-2019: ОшМУнун волейбол боюнча командасы жогорку лиганын чемпиону болду

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын Универсиадасында жогорку лиганын волейбол мелдеши боюнча эркектер арасында ОшМУнун командасы чемпион болду.

Жарым финалда ОшМУнун командасы төмөнкү командалар менен беттешип, ири эсепте жеңишке жеткен.

ОшМУ 3:0 Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы;

ОшМУ 3:0 ОшТУ;

ОшМУ 3:0 ЖАМУ;

ОшМУ 3:0 Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА).

Ал эми финалдык мелдеште Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектера университетинин (КМКТАУ) командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде утуп алды.

Команданы ректор Каныбек Исаков жалпы жамааттын атынан куттуктады. Ошондой эле команданын курамындагы ар бир студетти жеке куттуктап, окууларына ийгилик каалады жана кийинки мелдештерге да талыкпай даярдык көрүп, университеттин туусун бийик желбиретип, окууда, спортто да ийгилик жарата берүүлөрүн тилек кылды. Жеңиш менен кайтып келген командага акчалай сыйлык тапшырды.

Өз кезегинде команданын машыктыруучусу Алмаз Атабаев университеттин жетекчилиги ар бир оюнда байланышып, колдоп, дем берип тургандыгын билдирди.

Команданын курамы:

1. Муктар уулу Абдыракман – Педагогика жана дене тарбия факультети;

2. Жунусали уулу Надир – Педагогика жана дене тарбия факультети;

3. Садыкбеков Санжарбек – Педагогика жана дене тарбия факультети;

4. Кубанычбек уулу Курманбек – Педагогика жана дене тарбия факультети;

5. Мойдун уулу Азирет – Педагогика жана дене тарбия факультети;

6. Абдисалам уулу Маратбек – Педагогика жана дене тарбия факультети;

7. Алибаев Нурбек – Математика жана информациялык технологиялар факультети;

8. Жунусов Өмүрбек – Юридика факультети;

9. Алдашов Жалолидин – Юридика факультети;

10. Маратали уулу Мамасадык – Бизнес жана менеджмент факультети;

11. Алишаев Каныбек – Педагогика жана дене тарбия факультети;

12. Өмүрали уулу Асылбек – Юридика факультети.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть