13:30 15 апреля 2019

Андижан медициналык колледжинин делегациясы ОшМУда болушту

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата «Учурдагы орто медициналык окуу жайларындагы билим берүүнүн эффективдүүгүн көтөрүүдөгү актуалдуу маселелер» аттуу илимий жумалыктын алкагында 12-апрелде ОшМУнун медициналык колледжине Өзбекстандагы Андижан медициналык колледжинин директору Марифжон Бувабеков баштаган 20 адамдан турган делегация тажрыйба алмашуу максатында келишти.

Алгач келген коноктор ОшМУнун бащкы имаратында болушуп, университеттин 80 жылдык тарыхы камтылган музейи менен таанышышты. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Бөжөнов, ЖОЖго чейинки даярдоо департаментинин директору Тажимамат Эркабаев менен университеттин миссиясы, аткарылып жаткан иштер, келечек пландары боюнча маалымат алмашышты.

Иш-чаранын алкагында ОшМУнун медициналык колледжинде 2 окуу жайдын кызматташуусу жана мындан аркы мамилелерин чыңдоо максатын көздөгөн тегерек стол болуп өттү. Ошондой эле медициналык колледжинин материалдык-техникалык базасы жана окуу процессинин өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть