13:59 16 апреля 2019

ОшМУда «Түрк маданиятынын контекстинде билимди гумандаштыруу» аттуу студенттик илимий семинар жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик университети, Кыргызстан түштүк философиялык коому жана Ош шаардык жаштар комитети тарабынан 2019-жылдын 11-апрелинде Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата «Түрк маданиятынын контекстинде билимди гумандаштыруу» аттуу студенттик илимий семинар өткөрүлдү. Иш-чара «ТҮРКСОЙ» уюмунун «Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу чечимине арналып уюштурулган.

Семинарга Ош шаардык кеңешинин депутаты Ашим Осмонов, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Тазагүл Закирова, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, бизнес-тренер Канат Абдилов, ЖОЖдордун окутуучулары, студенттер жана мектеп окуучулары катышышты. Илимий семинарда Бишкек шаарынын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Эл аралык Кувейт университетинин студенттери илимий баяндамаларын окушту.

Семинардын экинчи бөлүгү Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда улантылып, студенттер тарабынан даярдалган илимий баяндамалар окулуп, атайын түзүлгөн комиссиянын кароосу менен жеңүүчүлөр аныкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть