11:55 17 мая 2019

Жалал-Абадда студенттердин предметтик олимпиадасы өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин аймактык билим берүү мекемелериндеги студенттер арасында 14-майда ХI предметтик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданы Кочкор-Атадагы колледждин директору Ихтибар Молдокеримова ачып, ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору Курманбек Сарманович Алыбаев предметтик олимпиаданын тарыхы, максаты, милдеттери жана билим берүү процессиндеги орду жөнүндө айтты.

Студенттик олимпиадага ЖАМУнун Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Т.Бекболотов атындагы Аксы, Кара-Көл жана медициналык колледждеринин жетекчилери, окутуучулар жана колледждердин деңгээлинде өткөрүлгөн олимпиадалардын II турунун жеңүүчүлөрүнөн жалпы 86 студент катышты. Студенттер 11 предмет боюнча 9-жана 11-класстын базасында күч сынашып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр университеттин дипломдору менен сыйланышты.

Олимпиадада биринчи орунду алган студенттер:

- 11-класстын базасында Жалал-Абад колледжинин студенти Абидинова Айсулуу (орус тили);

- Кочкор-Ата колледжинин студенти Канатбек уулу Медер (информатика);

- Майлуу-Суу колледжинин студенти Арапов Алтынбек (англис тили);

- Медициналык колледждин студенттери Мейманбаев Сыймык (математика), Замир кызы Дильноз (тарых);

- Аксы колледжинин студенттери Айбекова Айтурган (кыргыз тили), Сыдыгалы кызы Нуриза (экономика);

- Кара-Көл колледжинин студенти Жанызакова Жаркынай (педагогика);

- 9-класстын базасында Жалал-Абад колледжинин студенттери Азимжанова Азиза (англис тили), Кубатбек кызы Акшоола (тарых), Оӊолбекова Тургунай (физика), Момукулова Айназик (орус тили);

- Кочкор-Ата колледжинин студенттери Рахманова Дилфуза (математика), Мамирова Озода (биология);

- Майлуу-Суу колледжинин студенти Рустемова Азем (химия);

- Кара-Көл колледжинин студенти Султанова Айзада (кыргыз тили).

ЖАМУнун колледждеринин студенттеринин арасында өткөрүлгөн ХI предметтик олимпиаданын жыйынтыгы:

№ Колледждердин аталышы / 1-орун / 2-орун / 3-орун / жалпы

1. Жалал-Абад колледжи - 5 / 6 / 5 / 16

2. Кочкор-Ата колледжи - 3 / 4 / 6 / 13

3. Майлуу-Суу колледжи - 2 / 3 / 2 / 7

4. Медициналык колледж - 2 / 3 / - / 5

5. Т.Бекболотов атындагы Аксы колледжи - 2 / 2 / 3 / 7

6. Кара-Көл колледжи - 2 / 2 / 3 / 7.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть