ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан 2019-жылдын 13-15-июнунда аспиранттар, изденүүчүлөр жана жаш окутуучулар үчүн Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин «Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы» деген темадагы тренинг-семинар өткөрүлдү.
Бул иш-чарада илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.Анарбаева, башкы инспектору М.Сүйүтбекова, профессор Г.Жамгырчиева тарабынан илимий-изилдөө иш-аракеттерин уюштуруунун негизги эреже-талаптары, илимий эмгектерди даярдоо жана басылмаларга жарыкка чыгаруу, РИНЦ, «Web of science», «Skopus» системаларына катталуу жана макалаларды жарыкка чыгаруу, диссертацияны жазуу жана аны коргоого сунуштоо, ага окутуучу, аспирант Б.Койлубаева жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси, аспирант М.Маметова тарабынан эл аралык программалар, гранттарды алуу үчүн долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу маселелери боюнча лекциялар окулуп, тренингдер өткөрүлдү.
Аспиранттар жана изденүүчүлөр бардык суроолоруна кеңири жана толук жоопторду алышты. Иш-чаранын аягында семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.
Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин тренинг-семинарлары жыл сайын салттуу иш-чара катарында өткөрүлүп келет жана илимдин талапкерлери үчүн абдан натыйжалуу экендигин белгилөөгө болот.