19:31 20 сентября 2019

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жалал-Абаддагы студенттер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жалал-Абад шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушту. Жолугушууга ЖАМУнун факультеттеринде жана колледждеринде окуган студенттер, кызматкерлер катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Шайлдабекова БШКнын аткарып жаткан иштери, келечектеги максаттары, акыркы мезгилдеги аткарылуучу иштери жөнүндө жана Конституциянын кээ бир беренелерине киргизилген түзөтүүлөр жана өзгөртүүлөр боюнча маалымат берип, презентация жасады. Ал сөзүндө мурдагы жылдары өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолордун жыйынтыктарына таянып, статистикалык маалыматтарга токтолду. Ошондой эле жаштардын шайлоолорго катышуусу мамлекеттин келечегин аныктоодо, саясий, социалдык-экономикалык стабилдүүлүгүн сактоодо зор күчкө ээ экендигин баса белгилеп кетти. Жолугушуунун соңунда студенттер тарабынан бир канча маанилүү суроолор берилип, ал суроолорго төрайымдан тиешелүү жоопторду алышты.

Н.Шайлдабекова ЖАМУнун китепканасына Брайл шрифти менен жазылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мамлекеттик жана расмий тилде жазылган варианттарын тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть