18:26 20 сентября 2019

Техникалык университеттин окутуучулары жат жазуу жазышты

2019-жылдын 20-сентябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз тили кафедрасы тарабынан «Мен сабаттуумун» аттуу жат жазуу акциясы өткөрүлдү.

Акция ушул эле окуу жайдын окутуучуларынын арасындагы уюштурулду. Иш-чараны кафедранын доценти, филология илимдеринин кандидаты Н.Айтбаева жана кафедранын башчысы филология илимдеринин кандидаты, доцент Жумагул кызы Айнура алып барышты.

Сынактын жыйынтыгы аныкталып, окутуучулардын жазган ишине карата татыктуу орундар ыйгарылды. Грамоталар жана алкыш баракчалары 26-сентябрда өтө турган «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аттуу майрамдык салтанаттуу кечеде тапшырылмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть