18:33 25 сентября 2019

ОшМУда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди

Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына жана Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине карата «Эне тилим – ыйыгым, ооматтуу ОшМУ сыймыгым» аталышында салтанат уюштурулду. Майрамдык кече студенттердин аткаруусундагы Кыргыз Республикасынын гимни жана Мамлекеттик тилдин гимни менен башталды.

ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Кудайберди Кожобеков мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракеси менен жалпы жамаатты куттуктап, кылым карытып жашап келе жаткан кыргыз тилинин улуулугун даңазалоо, урматтоо, сактоо, өнүктүрүү каалоосу ар бир жарандын жүрөгүнөн суурулуп чыгышы керектигин белгиледи. Ошол эле учурда Ош мамлекеттик университети да бул багытта алгылыктуу иштерди жасап, жыл бою үзгүлтүксүз иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле учурда университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган эки айлык жарыяланып, бул багытта комплекстүү иштер жүрүп жатканын белгилеп өттү.

Кечеде буга чейин факультет, колледждерде уюштурулган иш-чараларда мыкты деп тандалып алынган номурлар тартууланды. Жалпысынан мааракелик саамалык «Кыз-жигиттин сармерден» айтышы менен коштолду. Сармерден университеттеги нускалуу кеби, акылман сөзү менен айырмаланган ардактуу окутуучулардын калыстыгында өттү.

Сармерденде таланттуу улан-кыздар ыр ырдап, бийлеп, макал-лакап, жаңылмачтарды айтышса, ОшМУга келип, түрдүү факультеттерде билим алып жаткан ар улуттун өкүлдөрү «Манас» эпосунан үзүндү айтып, «Илияздын ырын» созолонто ырдап, бийлеп, макал-лакаптарды айып, көрүүчүлөрдү таң калтырышты.

Салтанаттын соңунда майрамдык кечени уюштуруунун башында турган ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Сабыр Арстанов кечени уюштурууга салым кошкон жана активдүү катышкан факультет, колледждердин жетекчилерине, мамлекеттик тил кафедраларынын окутуучуларына, мамлекеттик тил борборунун жетекчисине, студенттерге ыраазычылыгын билдирип, ардак грамота, дипломдорду, белектерди тапшырды.

ОшМУда мамлекеттик тилдин эки айлыгы жарыяланып, ага ылайык түрдүү багыттагы иш-чаралар уланууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть