10:12 1 октября 2019

Техникалык университеттин 3 окутуучусу «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланышты

Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата 26-сентябрь күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аттуу маданий-музыкалуу салтанаттуу кече болуп өттү.

Буга чейин мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата КМТУда 1 айлык иш-чаралар жарыяланган. Факультеттердин окутуучулары арасында «Мен – сабаттуумун» аттуу жат жазуу акциясы, 1-курстун студенттери арасында «Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт» аттуу дилбаян жазуу сынагы, «Эне тилим – эстелигим урабас» аталыштагы көркөм окуу сынагы, 1-курстун студенттери тарабынан «Ырдайлы кыргыз ырларын» жана «Манас» эпосунан үзүндү айтуу сынагы, «Эң мыкты дубал гезит» галереясы, 1-курстар арасында «Эне тил барда, элим бар» аттуу тегерек стол жана студенттер арасында «Кыймыл менен сүйлөгөн, кыргыз бийин үйрөнөм» аталыштагы флешмоб уюштурулду. Аталган сынактардын жыйынтыгы боюнча орун алган жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылды.

Мааракени окуу жайдын өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Бекжан Төрөбеков ачып берди. Андан соң ректор М.Жаманбаев жана Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан келген өкүл Аида Ишеналиева куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Технологиялык факультеттин деканы Т.Жунушалиева, кыргыз тили кафедрасынын доценти Н.Айтбаева жана инженердик компьютердик графика кафедрасынын башчысы Ш.Жумакадыров «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланышты.

Ошондой эле кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал дастанчы, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын эл ырчысы жана «Эстебес» тобунун ырчы-дастанчысы Өмүрзак Кайыпов дагы куттуктоо айтып, жакшы чыгармасын тартуулады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть