И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык университетинде студенттерге кыргыз тилинде ачык сабактарды өтүү колго алынды. Мындай сабактардын бирин бүгүн, 4-октябрда, ЖОЖдун философия жана коомдук илимдер кафедрасынын мугалимдери дарылоо факультетинин студенттерине өтүштү.
«Тил бар жерде улут бар» аттуу ачык сабакта болочок дарыгерлердин кыргыз тилинде сүйлөөсү гана эмес, элдин руханий байлыктарындагы даанышман ойлорду терең түшүнүп, өздөштүрүшүнө өбөлгө түзүүгө аракеттендик. Бул саамалыкты студенттер да жакшы кабыл алышты», - деп билдирди аталган кафедранын доцентинин милдетин аткаруучу Рахат Сатыбалдиева,
Кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрүн жогорку медициналык билим берүү жаатында пайдалануу боюнча КММАда бир топ иш-чаралар белгилеген жана четинен жүзөгө ашырылып жатат.