Ош мамлекеттик университетинде 2019-жылдын 1-октябрынан тартып айлык акылар жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда, университеттин административдик кеңешинде белгилүү болду.
2019-2020-окуу жылында илимий даражасы бар профессордук-окутуучулук курамга 3 миң сомдон, окумуштуу даражасы жок бардык окутуучуларга 2 миң 500 сомдон айлык акылар кошулат. Ал эми структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлеринин айлык акыларына тиешелүү тартипте 1 миң сомдон 1 миң 500 сомго чейин кошулат.
Ошондой эле декабрь айында айлыктан сырткары, ар бир кызматкер жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө 13-айлык сыйлык акчаларды да алышат.
Ош мамлекеттик университетинен билдиришкендей, окуу жайда жыл сайын айлык акыларды ырааттуу жана системалуу түрдө үзгүлтүксүз жогорулап келет.