Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган «Кыргыз тили — Кыргызстандын келечеги» аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Конференция мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору К.Калчекеев тарабынан уюштурулуп, ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкери А.Сансызбаева, Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси М.Жумабаева, ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Конференцияда мамлекеттик тилдин бүгүнкү, эртеңки актуалдуу маселелери талкууга алынды. Илимдин докторлору тарабынан төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды:
- А. Эшиев — «Тилдин коомдогу орду жана функциясы»;
- Б.Дарбанов — «Кыргыз тилинин өнүгүү перспективасы жана жолдорунун маселелери»;
- С.Сакиева — «Башталгыч класстарда окууга үйрөтүүдөгү инновациялык технологиялар»;
- К.Калчекеев — «Кыргыз тили — Манастын тили»;
Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары тарабынан мамлекеттик тилдин келечеги тууралуу суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.