11:39 15 октября 2019

ОшМУнун мыкты окутуучусу менен мыкты лектору Дубайга жолдомо алышты

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине карата «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2019» жана «ОшМУнун мыкты лектору-2019» сынактары уюштурулду. 

Жеңүүчүлөр жана активдүү катышкан окутуучулар сертификат, диплом, ОшМУнун ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Ал эми баш байге ээлери Дубайга жолдомо утуп алышты.

Сынак 3 этап менен өтүп, катышуучулардын иши атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунда болгон.

Жыйынтыгында дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин америка жана котормо таануу кафедрасынын доценти Светлана Алымкулова «ОшМУнун мыкты лектору-2019» сынагында 1-орунду ээлеп, сертификат жана Дубайга жолдомо менен сыйланды. Ошондой эле эл аралык медицина факультетинин клиникалык дисциплиналар-1 кафедрасынын окутуучусу Асанбек кызы Айпери «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2019» аталып, сертификат жана Дубайга жолдомо алды.

«ОшМУнун мыкты лектору-2019» сынагында чыгыш таануу жана тарых факультетинин жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин кандидаты Турдумамат Кадыров 2-орунду ээлегендиги үчүн диплом жана 15 миң сом менен, бизнес жана менеджмент факультетинин бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Тимур Исраилов 3-орунду ээлегендиги үчүн диплом жана 10 миң сом менен, кыргыз-кытай факультетинин кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучусу Турдукан Абдыкаарова 4-орунду ээлегендиги үчүн диплом менен сыйланышты.

Ал эми «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2019» сынагында педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучусу Элмира Ажиматова 2-орунду ээлегендиги үчүн диплом жана 15 миң сом, орус филологиясы факультетинин орус тилинин практикалык курсу жана кеп маданияты кафедрасынын окутуучусу Гүлмира Имашева 3-орунду ээлегендиги үчүн диплом жана 10 миң сом, дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын башчысы, доцент Гүлзат Аипова 4-орунду ээлегендиги үчүн диплом алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть