10:45 6 ноября 2019

ОшТУда профессор Ибадатхан Каримованын 70 жаш мааракесине арналган илимий-усулдук конференция өттү

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү колледжинде тажрыйбалуу педагог, илимпоз-дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, профессор Ибадатхан Каримованын 70 жаш мааракесине арналган илимий-усулдук конференция болуп өттү.

Конференцияда алгач куттуктоо сөздөр айтылып, илимий жана усулдук баяндамалар менен уланды. Конференцияда инновациялык мазмундагы баяндамалар жасалды. Айрыкча, З.Мааткеримов, Ш.Мокеев, Б.Сапарова, З.Кадырова, У.Матиева ж.б. баяндамалары катышуучулардын кызыгуусуну пайда кылды. Жакында конференциянын материалдары жыйнак болуп жарык көрөт.

И.Каримова окуу жайда 1999-жылдан бери эмгектенет. Илимий эмгектери Кыргызстанда жана алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдө жарык көргөн. Ал 4 окуу-усулдук колдонмонун, 1 монографиянын, 30дан ашуун илимий макалалардын автору жана 2 автордук ачылыш күбөлүктүн ээси.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть