2019-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Ош технологиялык университети бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 13 адистиги боюнча көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүнү пландаган.
Эксперттик комиссия окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүштү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен маектешүүлөрдү жүргүзүп, окутуучулардын сабактарына катышты.
Жыйынтыгында ОшТУ Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги кеңешинин чечими менен бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 13 адистиги боюнча 5 жылдык мөөнөт менен аккредитациядан ийгиликтүү өттү.