16-декабрдан бери Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда электр менен камсыздоо адистигинин окутуучулары, студенттери тарабынан энергетиктердин жумалыгы болуп өттү.
Жумалыкта студенттердин ата-энелери үчүн ачык сабактар уюштурулуп, кесипке багыт берүү боюнча иш берүүчүлөр менен студенттердин тегерек столу болду жана конок лекциялар өтүлдү. Студенттер тарабынан майрамдык кече тартууланып, окууда мыкты жетишкендиктерди жараткан студенттер жана үзүрлүү эмгектенген окутуучулар ардак грамоталар менен сыйланышты.