12:59 23 декабря 2019

ОшТУда энергетиктердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди

Ош технологиялык университетинде Энергетиктердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди.

Бул салтанаттуу иш-чара окуу жайдын энергетика факультетинин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, ага Ош жогорку чыңалуу ишканасынын башкы директорунун орун басары Арип Топчубаев, Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетинин деканы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Зарипбек Айдарбеков, ОшТУнун студенттери, окутуучулары жана жалпы жетекчилиги катышты.

Салтанаттуу жыйындын ачылышында энергетика факультетинин деканы техника илимдеринин кандидаты, ОшТУнун профессору Маматөмүр Токоев сөз сүйлөп, бул кесип бүгүнкү күндө эң керектүү, келечектүү экендигин белгилеп, бул тармакта эмгектенген адистер азыркы мезгилде Кыргызстандын өндүрүш жаатынын эң оор тармагында эмгектенип жаткандыгын айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө энергетика факультетинин алдыңкы окутуучулары менен студенттери ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Андан соң факультеттин таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа тартууланып, келген конокторго майрамдык маанай тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть