Жаӊы жылды утурлай Аяз атага кат жазган балдардын арасынан «Боорукердик» үй-интернатынын жашоочусу ОшТУнун ректорунан саат белек кылуусун суранган.
Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Абдыкадыр Абидов аталган интернаттын тарбиялануучусу Равшан Сибгатуллин менен жолугушуп, жазган катындагы кыялын орундатып, саат белек кылды. Жолугушууда ректор Равшандын окууларына ийгилик каалап, баалуу белектерди ыйгарды.
Равшандын ректорго жазган каты: «Саламатсызбы, Абдыкадыр агай! Мен сизди ОшТУнун жетекчиси деп билем. Мен дагы ушундай чоӊ университетте окушту каалайм. Сиз менен биз жаӊы жылды бирге тоскубуз келет. Сизге ден соолук каалайбыз. Мен Сибгатуллин Равшан сизден саат белек каалайм. Рахмат!».