11:01 3 февраля 2020

ОшМУнун окутуучулары Лейлектеги №3 эксперименталдык мектеп-гимназиядан тажрыйба алышты

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин орто кесиптик билим берүүдөгү тилдер кафедрасынын башчысы, доцент Б.Байтикова жана кафедранын окутуучусу А.Кулушева Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык мектеп-гимназиясына тажрыйба алмашуу максатында 3 күнгө иш сапарга барышты.

Окутуучулар мектеп-гимназиядан белгилүү педагог, педагогика илимдеринин кандидаты, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Гапыр Мадаминовдун иш-тажрыйбасы менен таанышып келишти.

Иш-чаранын максаты — бүгүнкү күндөгү окутуу системасы, жаштарга билим берүүнүн жолдору, ата-энелер менен иштөөнүн ыкмалары менен таанышуу.

Доцент Б.Байтикова бул мектеп райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алгандыгын жана көптөгөн бүтүрүүчү окуучулардын чет өлкөлөрдүн престиждүү окуу жайларына тапшыры, окуп жаткандыгын, ошондой эле эң көп студент бюджеттик орундарга окууга өткөнүн баса белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть