Айымдардын эл аралык майрамына карата Ош технологиялык университетинин мектеп-лицейинде кыздар ортосунда «ОшТУнун мектеп-лицей периси - 2020» кароо-сынагы болуп өттү.
Аталган иш-чара окуучулардын интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, кыздардын ынтымагын бекемдөө, биримдикте бири-бирин колдоосун арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу максатында уюштурулду.
Сынакка мектеп-лицейдин мыкты деп тандалып алынган кыздары катышты. Жыйынтыгында Анарбаева Санирабегим «ОшТУнун мектеп-лицей периси» аталды. 1-орунду Эшбаева Элгиза, 2-орунду Хакимжанова Нагима, ал эми 3-орунду Мажитова Акмарал камсыз кылышты.
Ыр-бий менен коштолгон сынакта кыздар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.