14:39 26 марта 2020

Кыргыз экономикалык университети дистанттык технологиялардын жардамы менен аралыктан билим берүү режимине өттү

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети 16-марттан тарта дистанттык технологиялардын жардамы менен аралыктан билим берүү режимине өттү.

Карантин убагында студенттер, магистранттар үчүн дистанттык окутуу жана онлайн-сабактар өз учурунда өткөрүлүп жатат. Сабактардын өтүшүн көзөмөлдөө окуу бөлүмү тарабынан онлайн жүргүзүлүүдө.

Университеттеги жана экономика жана сервис колледжинин профессордук-окутуучулук курамдарына буга чейин Колдонмо математика жана информатика институтунун жана Маалымат технологиялар борборунун жетекчилери тарабынан атайын онлайн-программаларды колдонуу боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Студенттерге, магистранттарга колдонуунун эрежелери видеокурстар аркылуу тушүндүрүлгөн. Азыркы учурда ар бир мугалим студенттерге аралыктан жана онлайн сабактарды AVN системасы, электрондук почта, WhatsApp, Telegram, Skype, Zoom тиркемелери аркылуу жана Google Classroom, Google Forms сервистерин колдонуп өтүшүүдө. Сабак өтүүдө мугалимдер онлайн-курстардын шилтемелерин жөнөтүп жана өздөрү иштеп чыккан электрондук усулдук куралдарды колдонушууда. Практикалык тажрыйбалар график менен аралыктан жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле кафедранын отурумдары да онлайн-формада өткөрүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть