2020-жылдын 3-апрелинде М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасы тарабынан бухгалтер жана аудиторлордун кесиптик майрамына карата онлайн семинар болуп өттү.
Онлайн семинарга ОшТУ, ОшМУ, КУУ, ЖАМУ, К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит профили боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдаган кафедралардын башчылары жана профессордук-окутуучулук жамааты катышты.
Cеминардын жыйынтыгы боюнча күндүзгү жана дистанттык формада окуган студенттер үчүн окуу процессинин жүрүшү, тагыраагы кырдаал учурунда сабактарды AVN, Zoom, Duo жана башка программаларды колдонуу менен аралыктан өткөрүү, алдыда боло турган практика, мамлекеттик сынактардын тапшырылышы, 580100 «Экономика» багытынан «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» профилин бөлүп, өзүнчө профиль кылуу боюнча окуу жайлардын сунушунун жүрүүсү, ЖАМУда боло турган аймактык олимпиадага даярдык жана анда 3 предметтен (бухгалтердик эсеп, анализ, аудит) өзүнчө сынак уюштуруу ж.б. маселелер талкууланып, резолюция кабыл алынды.