АКШдагы Пенсильвания университетинде (University of Pennsylvania) илимий-изилдөө программасы боюнча эмгектенип жүргөн белгилүү илимпоз, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Нурлан Атабаев Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттерине жана жаш изилдөөчүлөрүнө эл аралык билим берүү, окуу китептери, окуу-усулдук комплекстерди түзүүнүн жаңы ыкмалары жана аларды колдонуу туурасында конок лекция өттү.
Лекцияда билим алуудагы көрсөткүчтөр, студенттердин билим алуусундагы компетенциялардын калыптануусу, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы билим алуудагы мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейлиги жана башка ушул сыяктуу суроо-жооптор талкууланып, эркин маектер менен коштолду. Окуу жайда онлайн режиминде бул сыяктуу конок лекциялар бардык адистиктер боюнча уюштурула баштады.
Маалымат үчүн: Н.Атабаев Борбордук Азиядагы Америка университетинин Бизнести башкаруу магистратурасынын директору болуп эмгектенет. Учурда илимий-изилдөө программасы боюнча Пенсильвания университетинде (University of Pennsylvania) эмгектенет.