10:18 23 апреля 2020

ОшМУнун 400гө жакын окутуучулары жана ординаторлору өлкөдөгү обсервацияларда кызмат кылып жатышат

Ош мамлекеттик университетинин медицина, эл аралык медицина, дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультеттеринде, медициналык коллежддеринде эмгектенген 180ден ашуун ак халатчан окутуучулар, 200дөй студенттер, ординаторлор Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван райондорунда, Баткен жана Жалал-Абад облустарында обсервацияларда, изоляцияларда, посттордо (аэропорт, чек ара, ж.б.), кабыл алуу пункттарында, санэпидемстанцияларда, медициналык мекемелерде кызмат өтөп жатышат.

Март айынын аягында ОшМУнун ректорунун тапшырмасы менен ОшМУнун профессорлору, инфекциялык оорулар боюнча адистер Түгөлбай Мамаев жана Имамназар Тайчиев тарабынан «Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү алгоритмдик иш чаралар» деген темада врачтардын COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү боюнча врачтардын квалификациясын жогорулатуу семинарлары онлайн уюштурулуп, медицина факультетинин 58 кызматкери атайын даярдыктан өтүштү. Алар учурда, резерв кадр катарында зарылчылык жаралган учурда кызмат көрсөтүүгө даяр турушат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть