10:52 27 апреля 2020

ОшМУда студенттер арасында аралыктан билим алууну онлайн баалоо жүрүп жатат

Ош мамлекеттик университети дистанттык технологияларды колдонуу менен аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессин натыйжалуу уюштурууну андан ары өнүктүрүү максатында студенттерге сурамжылоо жүргүзүүнү баштады.

Студент AVN башкаруу маалымат системасы аркылуу логин, поролу аркылуу кирип, суроолорго жооп бере алат. Жыйынтыктары автоматтык түрдө эсептелет.

«Аралыктан окутууну баалоо» сурамжылоосунун максаты аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессинин сапатын жана аралыктан билим берүүдө мугалимдердин билим берүү сапатын баалоо, программалык каражаттарды колдонууда жаралган мүчүлүштүктөр боюнча студенттердин ой-пикирин билүү, жаралган маселелерди жоюу болуп саналат.

Мындай механизм ОшМУда буга чейин да «Окутуучу студенттин көзү менен» деген аталышта ар бир семестрде окуу курстары аяктап, жыйынтыктоочу сессия бүткөндөн кийин ишке ашырылып келген. Мындай сурамжылоо билим алуучу менен байланышты камсыз кылуудагы сапат менеджментинин механизмдеринин бири болуп саналат.

Сурамжылоо төмөнкү шилтеме аркылуу жүрөт: http://opros.oshsu.kg

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть