12:41 27 апреля 2020

ОшМУнун Орус филологиясы факультети профессор Дүйшөн Шаматовдун катышуусунда онлайн семинар уюштурду

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультети тарабынан 26-апрелде Назарбаев университетинин профессору, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дүйшөн Шаматовдун катышуусунда «Илимий эмгектерди Scopus, Web of Science системаларына жарыкка чыгаруу» деген темада онлайн семинар уюштурулду.

Онлайн семинар белгилүү илимий журналдар тууралуу маалымат алуу, илимий эмгектерди Scopus, Web of Science системаларына жарыкка чыгаруудагы акыркы талаптар менен таанышуу максатында ZOOM платформасы аркылуу өтүп, жалпысынан 96 угуучу катышты.

Профессор Дүйшөн Шаматовдун 40тан ашуун илимий макалалары белгилүү эл аралык илимий журналдарда жарыкка чыккан.

«Илимий макала университеттерде иштеген ар бир окутуучу үчүн абдан маанилүү-өзгөчө престиждүү илимий журналдарга макала жазып чыгарсак, биз дагы жаны ыр жазган акынга окшоп, медаль уткан спортсменге окшоп, балык кармаган балыкчыга окшоп, же мээнети кайтып күзүндө түшүм жыйнаган дыйканга окшоп кудуңдап сүйүнөбүз. Ошого илимий изилдөө жана илимий макала жаратуу кандай түйшүктүү экенин, ийне менен кудук казгандай кылдаттык жана эринбей бардык күч-аракет менен гана болорун эске салалы. Бүгүнкү онлайн семинар илимий макала чыгаруу үчүн кантип изилдөө усулдарын мыкты өздөштүрүү керек экени жөнүндө болду. Күчтүү изилдөө болбосо, күчтүү публикация болбойт», - дейт профессор Д.Шаматов.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков тарабынан ушул жума университетте «Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгы» деп жарыяланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть