10:05 28 апреля 2020

ОшМУ кесипке багыт берүүчү видеоконференцияларды уюштуруп жатат

Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин «Программалоо» кафедасы тарабынан 26-апрелде Zoom программасы аркылуу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү видеоконференциясы уюштурулду.

Конференцияда алгач кафедранын башчысынын милдетин аткаруучу доцент Н.Аркабаев катышуучуларга «ПОВТАС» жана «ИСТ» адистиктери боюнча кеңири маалыматтарды берип кетти. Ага улай эле кафедранын ардактуу профессору А.Сопуев кафедрадагы адистиктер, андагы негизги артыкчылыктар тууралуу өзүнүн пикирин кошумчалады. Ал эми факультеттин деканы, доцент У.Сопуев факультеттеги башка адистиктер тууралуу да маалыматтарды кошумчалады.

Конференциянын жүрүшүндө кызуу талкуулар, суроо-жооптор болду. Суроолордун басымдуу бөлүгү азыркы пандемия учурундагы жалпы республикалык тест, кабыл алуу тууралуу болду. Суроо-жооп учурунда ОшМУнун жогоруда айтылган адистиктерден башка адистиктери тууралуу да көптөгөн суроолор болду.

Видео-конференцияга бүтүрүүчү класстардан сырткары мектеп мугалимдери, ата-энелер да катышып, мындай конференцияларды башка адистиктер боюнча да өткөрүп туруу сунуштарын айтышты.

Видеоконференциянын жүрүшү боюнча төмөнкү шилтемеге кирип маалымат алсаңыздар болот: https://www.youtube.com/watch?v=5F2hrJc3DGs&feature=youtu.be

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть