10:08 5 мая 2020

ОшМУда «Физика-техникалык көйгөйлөрдү чечүүдө жаш окумуштуулардын ролу» аттуу илимий-практикалык онлайн конференция өткөрүлдү

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган «Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын» алкагында физика-техника факультетинде «Физика-техникалык көйгөйлөрдү чечүүдө жаш окумуштуулардын ролу» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык онлайн-конференция өткөрүлдү.

Онлайн-конференцияга И.Арабаев атындагы КМУнун, И.Раззаков атындагы КМТУнун, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, БатМУнун, ОшТУнун, КӨУнун окутуучулары жана УИАнын белгилүү окумуштуулары катышты.

Пленардык отурумда эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д., профессор Ысламидин Ташполотов «Билим берүү системасындагы санариптештирүүнүн ролу», социалдык иштер кафедрасынын окутуучусу, магистрант Аида Ибраимова «КРда балдарга карата коомдогу терс маалыматтарды берүүдөн коргонуу жолдору» жана башка башка темаларда баяндамалар окулду.

Конференция суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть