6:44 17 мая 2020

Приволжск медициналык изилдөө университети менен Ош мамлекеттик университети кызматташат

Россиянын Нижний Новгород шаарында жайгашкан 100 жылдык тарыхы бар Приволжск медициналык изилдөө университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу түзүүгө карата видеоконференция болуп өттү.

Жыйынга ПМИУ тарабынан ректор Николай Карякин, биринчи проректор Ирина Клеменова, окуу иштери боюнча проректор Елена Богомолова, илимий иштер боюнча проректор Анна Благонравова, эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Тамара Бардинская, ал эми ОшМУдан ректор Кудайберди Кожобеков баштаган бир топ жетекчилер, декандар катышып, эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттарын талкуулашты.

Алгач Кудайберди Гапаралиевич кесиптештерине университет, анын тарыхы, багыттары, рейтинги, эл аралык байланыштары ж.б. туурасында кыскача маалымат берип, учурда ОшМУнун бир нече студенттери Россиянын окуу жайларында окуп жаткандыгын, Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылына карата өнөктөш окуу жайлар менен көптөгөн иш-чаралар пландаштырылганын белгилеп, кызматташуу ниетин билдиргендиги үчүн ПМИУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Эки тарап эки негизги маселени талкуулашты. Алар окуу жайлардын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу жана студенттердин ортосунда академиялык мобилдүүлүк, практика өтөөнү уюштуруу, биргелешкен билим берүү программалары жана кош дипломдуулук программасын ишке ашыруу, онлайн жана конок лекцияларды өткөрүп туруу, биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү ж.б. конкреттүү пункттарды камтыган жол картасын түзүү болду.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө ректорат өкүлдөрү студенттердин жана клиникалык ординатурада жүргөн медициналык кызматкерлердин ортосунда кыска жана узак мөөнөттүү тажрыйба алмашууларды жүргүзүү, модулдук жана циклдык окууларды уюштуруу, кош дипломдуулук программасын жана биргелешкен билим берүү проекттерин реализациялоодо дистанттык технологияны колдонуу, Россиянын фундаменталдык изилдөөлөрдү колдогон фонддору жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги колдогон долбоорлорго карата биргеликте заявкаларды тапшыруу, биомедицина, хирургия, гинекология, стоматология ж.б. багыттар боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, ПМИУнун Web of science, Scopus базасына кирген илимий журналында макалаларды чыгаруу ж.б.у.с. актуалдуу иш-аракеттерди карап чыгышты. Мындан тышкары, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууда юридикалык жана финансылык бир топ маселелер бар экендигин, бирок аларды акырындык менен чечсе боло тургандыгын белгилешти.

Онлайн жолугушуунун соңунда жетекчилер уюшулган жыйын кызматташуунун башталышынын алгачкы кадамы болгондугун, мындан ары тийиштүү кызматкерлер бири-бири менен тыгыз байланышып, жол картада көрсөтүлгөн иш-чараларды деталдуу талкуулап, иш алып бара тургандыктарын билдиришти.

Жыйынды эл аралык байланыштар департаменти уюштуруп, ал директор Абдыганы Осмоновичтин модераторлугунун астында өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть