17:49 29 мая 2020

ОшМУ 80 жылдык мааракесин онлайн белгиледи

Билим берүү сапарында 80 жылдык бай тарыхы бар Ош мамлекеттик университети мааракесин учурдагы кырдаалга байланыштуу 28-майда онлайн форматта http://80.oshsu.kg юбилейлик сайты аркылуу белгиледи.

Университеттин ректору Кудайберди Кожобековдун жетекчилиги астында өткөн маараке алгач ОшМУнун тарыхы, жетишкендиктери, ийгиликтери, алдыдагы пландары камтылган видеоролик менен башталды.

Ош мамлекеттик университетин 80 жылдык мааракеси менен билим берүү жана илим министри, ушул окуу жайынын мурунку ректору Каныбек Исаков, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын президенти Абдылда Мусаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, 20га жакын ОшМУга өнөктөш чет элдик университеттердин ректорлору, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, Испания, Чехия, Туркия, Россия сыяктуу чет өлкөлөрдө билим алып жаткан студенттери куттукташты.

ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү шарттарындагы билим берүүнүн жана илимдин актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду. Конференцияда Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн көйгөйлөрү, маселелери, перспективалары талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге онлайн түрүндө кол коюлду.

Андан тышкары, жалпы Кыргызстандагы өнөр адамдары, ОшМУнун туурунан учкан таланттардын катышуусунда «Кутман курагың кут болсун, ОшМУ!» деген аталышта онлайн концерт тартууланды.

Онлайн маараке атайын техникалар менен камсыздалып, техникалык кызматкерлер, журналисттер, уюштуруучулардын колдоосунда өттү. Ошондой эле университеттин мыкты адистери тарабынан иш-чаранын жүрүшү 4 тилде синхрондук котормо менен коштолду.

Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. Ал институт 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп түзүлгөн. 1992-жылы Ош мамлекеттик университети статусун алган. ОшМУ 2017-жылы КРнын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон «Даңк» ордени менен сыйланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть