10:36 12 июня 2020

КЭУда студенттер үчүн өндүрүштүк практикалар онлайн форматта өтүлүүдө

2020-жылдын 25-майынан тартып М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде студенттер үчүн өндүрүштүк практикалар кесиптик чеберчилик жана тажрыйба алуу үчүн келишим түзүлгөн мекемелер, ишканалар жана компаниялар менен аралыктан тааныштырылууда.

Ошондой эле өндүрүштүк практика Алматы технологиялык университети менен биргеликте студенттердин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу максатында онлайн форматта өтүп жатат.

Кафедранын окутуучулары консультант катары өндүрүштүк практика боюнча презентацияны жана электрондук окуу курсун даярдашкан.

Өндүрүштүк практиканын алкагында 11-июнда Колдонмо математика жана маалымат технологиялар институту тарабынан «Бизнес информатика» багытында билим алып жаткан студенттер үчүн онлайн вебинар өткөрүлдү.

Спикерлер азыркы учурда актуалдуу болгон өлкөнү санариптештирүү, IT-тармагында кантип иштөө керек жана кандай программаларды үйрөнүү керек экендиги тууралуу студенттерге кененирээк маалымат беришти. Ал эми Алматы технологиялык университетинин инжиниринг жана маалымат технологиялар факультетинин деканы, ф.м.и.д, Алиев Баходир өндүрүштүк практиканын өтүшү тууралуу баяндап берди жана мындан ары дагы биргеликте ийгиликтүү иштерди жаратууга үндөдү.

«Бизнес информатика» багытында билим алып жаткан студенттер өндүрүштүк практика учурунда КРнын Жогорку технологиялар паркы тарабынан уюштурулуп жаткан онлайн иш-чараларга активдүү катышып, IT-компаниялар менен таанышып, онлайн курстарга катышууда. Жыйынтыгында өндүрүштүк практиканын аткарылышы боюнча студенттер отчетторун онлайн форматта аралыктан коргошмокчу.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть