17:34 30 июля 2020

ОшТУ медицина кызматкерлерине жардам көрсөтүүдө

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин архитектура жана курулуш факультетинин жамааты коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жардам иретинде Ош облустук тери-венерологиялык оорулар борборуна 27 даана коргонуучу кийим жана Ош облустук кургак учук менен күрөшүү борборуна 30 даана коргонуучу кийимдерди тапшырып келишти.

Ошондой эле мындан бир канча күн мурда факультеттин жамааты «кызыл зонада» иштеп жаткан медицина кызматкерлерине медициналык жеке коргонуучу каражаттарды алып беришкен. ОшТУ акыркы кырдаалга байланыштуу буга чейин да бир канча жардамдарды көрсөткөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть