19:31 24 сентября 2020

Мар Байжиевдин «12-күн» драмасы ОшМУнун Киноакадемиясы тарабынан спектаклдештирилди

ОшМУнун Кыргыз-Түрк факултетинин Киноакадемиясы тарабынан 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Мар Байжиевдин «12-күн» драмасы тартууланды.

Аталган драма ЭлТРдин «Билим жана илим» каналынын студиясында 22-сентябрда спектаклдештирилди. ОшМУдан конок катары катышкан, профессордук-окутуучулук курамдын атынан сөз сүйлөгөн ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Таасилкан Жумабаева Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, чыгармачыл топко ыраазычылык билдирди.

«Мар Байжиев — өтө терең маанилүү, турмуштун дал кайнаган жерин чагылдырган мыкты драматург. Бул чыгармасында тилдин тагдырын, тарбия, кыргыздын жалынган, айланып-үрүлгөн керемет сөздөрүн даана чагылдырат. Ары күлкүлүү, ары терең маанилүү драма», - дейт иш-чаранын уюштуруучусу, ОшМУнун Мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору Улукбек Омокеев.

Спектаклдин режиссеру: Kutman Sharshentegin — Киноакадемиянын жетекчиси

Каармандар:

Болдукан: Зейналиева Калидакан — ОУДТнын актрисасы.

Дездамона: Сезим Эшимбек кызы — Киноакадемиясын студенти.

Аскар: Нурсултан Абдикаримов — ОУДТнын актеру, ОшМУнун бүтүрүүчүсү.

Муканбет Шыйкымбаев: Рыскелди Мойдунов — Киноакадемиянын окутуучусу.

Сүйүмкан: Айсана Жаныбек кызы — Киноакадемиянын студенти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть