18:52 13 ноября 2020

ЖОЖдордун илимий ишмердүүлүгүн баалоо рейтингинде Агрардык университет 3-орунду камсыздады

2020-жылдын 12-ноябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессор-окутуучулары тарабынан аткарылган илимий-изидөө иштери Илим күнүнө карата Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган көргөзмөдө көрсөтүлдү.

Иш-чарага вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, УИАнын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Рысбек Нургазиев жана окумуштуулар катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — илим тармагын ɵнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында илим чɵйрɵсүндɵгү мамлекеттик саясатты уюштуруу.

Республикадагы жогорку окуу жайлардын 2019-жылдагы илимий ишмердүүлүгүн баалоо рейтинги боюнча 34 ЖОЖдун ичинен КУАУ 3-орунду ээлеп, III даражадагы диплом менен сыйланды.

КУАУнун алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту 2019-жылдагы илимий уюмдардын илимий ишмердүүлүгүн баалоо рейтинги боюнча 19 илимий уюмдун ичинен 3-орунду камсыздап, III даражадагы диплом менен сыйланды.

КУАУнун илимий иштер боюнча проректору, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Т.Чортонбаев илим тармагына кошкон салымы жана кызматтык милдеттерди ак ниет аткаргандыгы үчүн премьер-министрдин алкыш баракчасы менен сыйланды.

КУАУнун илим бɵлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент А.Бектуров Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына ээ болду.

КУАУнун колдонмо механика жана физика кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Б.Токтоналиев Жогорку аттестациялык комиссиясынын ардак грамотасы менен сыйланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть